Биз социалдык тармакта

Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары өзүн атып алганы айтылууда

Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Капаловдун денеси табылды. Бул тууралуу маалымат жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып билдиришүүдө.

Маалым болгондой, милицияга 13-мартта саат 23:00 чамасында банкет залдын жанында токтоп турган унаанын ичинде бир эркек киши өзүнө ок атканы тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун ким экенин аныктаган. Ал Кубанычбек Капалов экени белгилүү болгон. Учурда болгон окуянын бардык жагдайлары такталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан