Биз социалдык тармакта

Оштун мэри жолдордун жана көпүрөлөрдүн курулуштарын тездетүүнү тапшырды

Кечээ, 13-мартта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Сүйүнбаев, Атабаев, Төлөнов, Санкт-Петербург жана Абдувалиев көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан жол жана көпүрөлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, шаар башчысы тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырма берип, жарандардын, айрыкча балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
"Учурда көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин алкагында эски асфальт катмары алынууда, жолду тегиздөө, жол жээктерин тазалоо, газ түтүктөрүн жана электр мамыларын жылдыруу, ирригациялык лотокторду орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле көпүрөлөрдүн тирөөч мамылары бетон менен бекемделүүдө. Аталган көчөлөр төрт тилкелүү жол болуп кеңейтилет. Долбоордун алкагында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, скверлер курулуп, көчөлөр жарыктандырылып, ирригациялык лотоктор орнотулуп, жашыл аймактар көрктөндүрүлөт", - деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан