Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Капаловдун өлүмү кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул окуя боюнча кызматтык иликтөө башталып, бардык жагдайларды объективдүү аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Сот аткаруучулар кызматы расмий жыйынтыктар чыкмайынча ар кандай тыянактарды чыгарбоону өтүнөт.
Эскерте кетсек, маркум Капалов тууралуу Бишкек ШИИББи маалымат берип, каргашалуу окуя кечээ, 13-мартта катталганын билдирди.