Таласта мал уурулукка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция маалымдап, шектүү аймактагы "Мал уурулук" аталышындагы рейддик иш-чаранын алкагында кармалганын билдирди.
Маалым болгондой, 1981-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран кармалган учурда жанынан эки уюлдук телефон, бир бычак, бир адам сөлөкөтүндөгү бет кап, бир мурч балону, кара түстөгү баштык жана акча каражаты табылды.
Ага карата 2-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин (Мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышкердин жүргөн жери анык болбогондуктан издөө жарыяланган.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатканы маалымдалды.