Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырат. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
БКШ депутаттын ыйгарым укуктарын токтотууну түштөн кийинки жыйында карай тургандыгы айтылды.
Эскерте кетсек, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Журт" депутаттык тобунун лидери Нурланбек Азыгалиев өз каалоосу менен лидерликтен кеткен. Ал №17 шайлоо округунан 12 миң 20 добуш менен эл өкүлү болуп келген.