Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктары БШК тарабынан токтотулду.
Жогорку Кеңешке анын ордуна депутат болуп Бактыбек Чойбеков келиши мүмкүн. Ал шайлоодо 8026 добуш алып, үчүнчү орунда турган.
Азыгалиев №17 шайлоо округунан 12 миң 20 добуш менен эл өкүлү болуп келген. Аталган округдан Улукбек Узакбаев 10 миң 766 добуш менен экинчи болду. Ал эми гендердик теңчилик менен 4714 добуш алган Чолпон Эсенаманова парламентке үчүнчү болуп келди.