Биз социалдык тармакта

Бишкекте эвакуатор айдоочусу агрессивдүү жүрүм-туруму үчүн кармалды (видео)

Интернетте тараган видео боюнча эвакуатор айдоочусу аныкталып, жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындаг көчөлөрдүн биринде эвакуатор унаасынын айдоочусу 1992-жылы туулган К.Н. башка айдоочунун жолун тосуп, коомдук тартипти одоно бузуп, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөткөн.

Бул факт боюнча Ленин РИИБи текшерүү иштерин баштап, айдоочу аныкталды. Жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти бузгандыгы үчүн ага карата протоколдор түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бишкекте эвакуатор айдоочусу агрессивдүү жүрүм-туруму үчүн кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан