Чаткал жана Ала-Бука райондорунда иштеп жаткан алтын кенди иштетүүчү компаниялардын иштери мыйзам бузгандыгы үчүн токтотулду
Өкмөт Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал жана Ала-Бука райондорунда иштеп жаткан алтын кенди иштетүүчү компаниялардын иштерин алар мыйзамды одоно бузгандыгы үчүн токтотту. Бул тууралуу Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөттүн 100 күндө аткарылган иштеринде айтылды. Ошондой эле өкмөт кийинки жылы "Кумтөр" стабилдүү иштеп, 18 тонна алтын казуу күтүлүп жатканын айтты. Мындан сырткары кен казуу секторун тартипке келтирүү үчүн өкмөт бул тармакта бир нече иштерди аткарып жатканын өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев белгиледи.