Биз социалдык тармакта

Орозо айт намазы мечиттерде окулмай болду

Быйыл Орозо айт намазы өлкө аймагындагы мечиттерде окулат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Айт намаздын программасы:

07:30 – 08:00 – Куран окуу;
08:00 – 08:25 – Диний баяндар;
08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
08:30 – Айт намазын окуу.

Тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша) уруксат берилет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет. Орозо айы 19-февралда башталган болчу.

Өлкөдөгү ооз бекитүү жана ооз ачуу убактыларын бул шилтемеден көрө аласыздар. Ал эми Орозодо эмнелерге уруксат берилип, эмнелерге тыюу салынганы тууралуу макаланы бул жактан окуй аласыз.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан