Таиланддагы акыркы 3 айдагы сууктан 63 адам набыт болду

Таиланддагы акыркы 3 айдагы сууктан 63 адам набыт болду. Бул тууралуу 23-январда чет элдик басылмалар жергиликтүү ооруканаларга шилтеме берүү менен жазып чыгышты. 

Өлүмдөрдүн басымдуу бөлүгү өлкөнүн түндүк жана түндүк-чыгышында катталган. Көпчүлүгү эркектер жана алардын катарында камбоджалык 1 жана британиялык 1 адам болгон. Көз жумгандардын эң кичинеси 1 айлык болсо, эң улуусу 81 жаштагы карыя. Бангкокто бүгүн, 23-январда эртең менен аба ырайынын температурасы нормадан кескин түрдө 15,6 градуска түшүп кеткен.

Таиландда абанын температурасы күндүз +25 градустан төмөн болбойт. +16 градустан төмөндөй баштаганда калктын ден соолугуна зыян алып келет. 

Мындай көрүнүш шаарда 30 жылдан бери байкалган эмес. Бийлик өкүлдөрү калкты кан айланууну жакшыртуу үчүн көнүгүүлөрдү жасап ысык тамак ичүүгө чакырууда. Буга чейин 77 провинциянын 45инде өзгөчө кырдаал белгиленип, аймактардагы жашоочуларга сактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан. Таиланддагы мындай аба ырайы 2013-жылдын октябрь айынан бери уланып, жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ayva
2014-01-23 18:50:46
отпогон шубаларды ошол жака алпарып сатыш керек экен.
-1
aiba91kg
2014-01-23 19:04:17
Норма погода ал дакта канча экенин билбейсинерби?
0
Sharipa-asia
2014-01-23 21:58:07
Жаман болуптур байкуштарга.
0
Lumia-800
2014-01-23 23:22:01
Олгондордун копчулугу уй-жайы жоктор, же селсаяк бомждар болсо керек ээ.
Кудай озу сактасын жаратылыш кырсыгынан!
0
maksat87
2014-01-24 23:08:08
chininda ele biyil jildakidan suuk, birok kishi olorluk suuk jok, kinduz 25-28gr tunkusun 16-17gr, bangkokto bomj emesi dele achik jerde jashayut
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан