Нарын шаарында “Керме-Тоо” мейманканасы жана ага караштуу жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу 16-мартта Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык прокуратуранын талабынын негизинде “Керме-Тоо” мейманканасы жана ага караштуу 2,35 гектар жер аянты боюнча берилген доо арызды сот канааттандырды.
Тактап айтканда, менчиктештирүү учурунда Жер кодексинин жана Жарандык кодекстин талаптары бузулганы аныкталган.
Соттук чечимдердин негизинде мейманкана жер аянты менен кошо муниципалдык менчикке кайтарылды.