Биз социалдык тармакта

Бишкекте Кыргызстан менен Гананын тышкы иштер министрлери жолугушту

15-17-март күндөрү тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Гананын тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблакванын Кыргызстандагы расмий сапары өтүүдө. Бул тууралуу 16-мартта министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул Гананын тышкы иштер министринин Кыргызстанга жасаган тарыхтагы алгачкы сапары. Жолугушууда тараптар Кыргыз-Гана кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин кеңири талкуулашты.

Ошондой эле, тараптар транзиттик-логистикалык потенциалга өзгөчө көңүл бурушту. Гана Кыргызстанды Борбордук Азия рыногуна стратегиялык чыгуу мүмкүнчүлүгү катары караса, Кыргызстан Гана аркылуу Батыш Африка рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн карайт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:
• саясий консультацияларды өткөрүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
• дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жоюу жөнүндө макулдашуу.

Соңунда министрлер географиялык алыстык терең экономикалык жана саясий жакындашууга тоскоол болбой турганын белгилешти. Тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн активдүү диалогду улантышарын ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан