Биз социалдык тармакта

ЦУМдун жанындагы оргума калыбына келтирилет

Бүгүн, 16-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЦУМ соода борборунун жанында көчө жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу калаа бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта мэр ЦУМдун жетекчилигин мурда кетирилген каталарды кайталабоого чакырганы жана ал жактагы объектти бузуу иштери менен таанышканы айтылат. Оргуманы калыбына келтирүү жана жашыл аймакты көрктөндүрүү каралган эскиздик долбоор даярдалган.

Ошондой эле шаар башчысы "Ташболот холдинг" компаниясынын өкүлдөрү менен бирге Old Bishkek долбоорунун аймагын да текшерген. Имараттын ордуна шаар тургундарынын пикирин эске алуу менен бул аймакта жөө адамдар үчүн жашыл зона уюштуруу пландалууда.

Эске салсак, Жунушалиев 19-февралда ЦУМдун жанындагы оргуманын ордуна темирден салынган объектти бузуу тапшырмасын койгон. Ал эми 15-мартта Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан уч кабаттуу имарат бузулары кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан