Башкы прокуратура Оштун Өзгөн районунда бала бакчалардын биринин кызматкерлеринин кылмыш иши аныкталганын билдирди.
Маалыматта алар бир жарандын паспорттук маалыматтарын пайдаланып, аны формалдуу түрдө кызматкер катары каттап, анын атынан социалдык төлөмдөрдү жүргүзүп, эсептелген эмгек акыны өздөрүнө ыйгарып алып турушкан.
Мындан улам муктаж жаран 4 жашы жете элек баласына бериле турган "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулунан куру калган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.