Биз социалдык тармакта

Марлен Маматалиев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысын кабыл алды

Төрага Марлен Маматалиев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделди кабыл алды. Бул тууралуу 16-мартта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда төрага Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен тыгыз кызматташып, бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келе жатканын белгиледи. "Андыктан биз калыптанган өнөктөштүктү өнүктүрүп, экологияны жакшыртуу өңдүү тармактарда кызматташууга кызыкдарбыз. Ал эми Жогорку Кеңеш айрым мыйзам актылары боюнча пикир алмашып, консультациялык кеңештерди алууга артыкчылык беребиз", – деди төрага.

Өз кезегинде Хью Риддел аталган мыйзамга карата айрым пикирлерин айтып, аны жакшыртуу жаатында сунуштары менен бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады.
Тараптар мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушуп, киргизилген соңку өзгөртүүлөр боюнча пикир алмашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан