Радикалдык идеологиянын тарапкери делген адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал КМШ өлкөлөрүнүн биринен Кыргызстанга келген учурда колго түшкөн. Шектүү алыскы чет өлкөгө чыгып, эл аралык террордук уюмдардын катарына кошулууга аракет кылган деп айыпталууда.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.