Түп районунда 53 жана 54 жаштагы жарандар баңгизат менен алектенүүгө шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын үйлөрү тинтүүгө алынган. Натыйжада 53 жаштагы кишинин күрмөсүнүн чөнтөгүнөн жана короо жайынын ар кайсы жактарынан баштыкчага салынган жапайы өскөн кендир чөбү жыттанган заттар табылган. Табылган заттардын жалпы салмагы 1 килограмм 531 граммды түзгөн.
Ал эми 54 жаштагысынын короосунан салафан баштыкка салынган жапайы өскөн кендир чөбү, жапайы өскөн кендир чөптөрүнүн жалбырактары, 13 даана балык уулоочу синтетикалык кытай торлору, көлдүн үстүндө сүзүүчү 2 даана үйлөтмө кайыктар, 19 даана ок атуучу куралдын октору жана күкүрт, пистондор табылган. Алынган заттардын жалпы салмагы 3 килограммдан ашкан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, табылган заттарга соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.