Бишкекте Chevrolet Camaro үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы айдоочусу жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, каргаша 16-мартта саат 21:10 чамасында болгон. Анда айдоочу Шабдан баатыр көчөсүндө батышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги бордюрду сүзүп, андан соң бак-дарактарга урунуп аласалып кеткен.
Унаадагы 23 жаштагы жүргүнчү оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын акыреги, далысы, бел омурткасы сынган жана бетинен, кулагынан жаракат алган. Унаа айып короого киргизилип, бардык тиешелүү укуктук экспертизалар дайындалды.