
Ысык-Көлдүн Кырчын капчыгайында жайгашкан "Кырчын" туристтик базасынын мүлктүк комплекси 11 гектар жер тилкеси менен бирге мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, аталган мүлктүк комплекс 1997-жылы жеке жана юридикалык жактарга мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен берилип кеткен. Кайтарылган мүлктүн баасы 501 миллион сомду түзөт.