Биз социалдык тармакта

Көпчүлүгүнүн башы алынарын айтып... Ислам мамлекетин курууну көздөгөн кыргызстандык Түркиядан кармалды

"Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун мүчөсү болгон кыргызстандык Түркиянын Стамбул шаарынан кармалды. Бул тууралу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат ал өлкөгө алынып келгенин белгиледи. Шектүү Оштун Араван районунда жашап жүргөндө калк арасында террордук идеологияны жайылтуу менен алектенип келген жана мамлекеттик түзүмдү кулатууга, "Халифат" теократиялык мамлекетин түзүүгө чакырык жасап турган. Ошондой эле жарандарды Жакынкы Чыгыштагы аскердик операцияларга катышуу үчүн тарткан жана өлкө аймагында террордук актыларды жасоону көздөгөн.

УКМК анын белгисиз бирөө менен болгон сүйлөшүүсүн да жарыялады. Анда ал ислам мамлекети түзүлсө, күч түзүмдөрүндөгүлөрдүн көпчүлүгүнүн жана казылардын башы алынарын, ал өзү "Халифат" курууга даярдык көрүп жатканын айтат.

Ислам мамлекетин курууну көздөгөн кыргызстандык Түркиядан кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан