"Манас" эл аралык аба майданынын реконструкциясы май айында аяктайт. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" башкармалыгынын инфраструктура жана аймактык аэропорттор боюнча директору Алтынбек Мамбетов "Биринчи радиого" билдирди.
Ал бүгүнкү күндө 2 этапка бөлүнгөн жумуш ишинин 1-баскычы аяктаганын айтты. Анын айтмынында, 1-этапка учуу тилкесине асфальт төшөө жана жарыктандыруу иштери кирген.
"Былтыр май айында башталган аэробекетибизди кеңейтүү жана ички жасалгасын жаңылоо иштери майда толук бүтөт. Анан бүткөн жагын ишке беребиз дагы азыр колдонулуп жаткан жагын жаап, иштерди жүргүзөбүз",- деди Мамбетов.