Биз социалдык тармакта

Бишкек мэри "Дордойдун" ээси Салымбековго талап койду (видео)

Кечээ, 16-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолукканын калаа бийлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, алар "Дордой" базарынын ичиндеги инфратүзүмдү жакшыртуу маселелерин талкуулашкан. Жунушалиев элге шарт түзүү тапшырмасын койгон.
"Мен бир эмес, төрт жолу бардым. Мына, жолдорду көрсөтүп жатканы менен бирок баары бир тыгын болуп жатпайбы. Унаалар же кире албайт, же чыга албайт. Элге шарт түзүп бергиле да. Макул, соодагерлерге шарт түздүңөр, бирок элгечи? Кантип кирет, кантип чыгат? Биз мэрия тарабынан жасалчу иштерди аткардык. Биз бизнеске каршы эмеспиз. 2 жолду куруп бергиле. Ар бир унаа токтоочу жайларды муниципалитетке алгыла, алардын баалары ар кандай экен",- деди мэр.
Аскар Салымбеков 2 көчөнү оңдоо иштери 1-апрелде башталарын билдирди.



Бишкек мэри "Дордойдун" ээси Салымбековго талап койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан