Биз социалдык тармакта

Маданият мекемелерине 117 унаа тапшырылды

Бүгүн, 17-мартта маданият мекемелерине 117 унаа тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тапшыруу аземине өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышты. Өкмөт башчы тармактын бюджети 2021-жылы 2,8 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 6,9 миллиард сомго чейин көбөйүп, акыркы беш жыл ичинде каржылоо дээрлик 2,5 эсеге өскөнүн белгиледи.

“Бүгүнкү күндө маданият мекемелеринин балансында турган автотранспорттун олуттуу бөлүгү физикалык жана моралдык жактан эскирип, көп жылдар бою жаңыртылбай пайдаланылып келген. Тапшырылып жаткан автотранспорт каражаттары сиздердин ишиңиздерди жеңилдетип, жаңы дем берет деп ишенем. Бул унаалар элге кызмат кылып, маданиятты жайылтууга, жаш муундарды тарбиялоого жана улуттук баалуулуктарыбызды сактоого кызмат кылсын”,- деп кошумчалаган Касымалиев.

Белгилей кетсек, ата мекендик өндүрүштөн чыккан 117 унаа 176,9 миллион сомго сатып алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан