Биз социалдык тармакта

Ош шаарында жарандардын көйгөйлөрү каралды

Бүгүн, 17-март күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жарандарды жеке кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандар көбүнчө турак жай, жер, курулуш, коммуналдык кызматтар, коомдук транспорт жана имараттарды бузуу маселелери боюнча кайрылышкан. Ошондой эле “Келечек” базарынын соодагерлери жаңы жайдагы шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштарын билдиришти.

Шаар башчысы ар бир кайрылууну карап чыгып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Ал көтөрүлгөн маселелер жеке көзөмөлүндө болорун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан