Сүлүктү ШИИБинин кызматкерлери шаар тургундары менен экстремизмдин жана киберкылмыштардын алдын алуу боюнча жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБ маалыматтык бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштери мечиттерде уюштурулуп, жарандарга интернеттеги алдамчылык аракеттер жана кеңири жайылган киберкылмыштар жөнүндө маалымат берилди. Милиция кызматкерлери жарандарды онлайн алдамчылардан сак болууга жана интернет аркылуу жасалган мыйзамсыз аракеттерге алданып калбоого чакырышты.
Ошондой эле бүгүнкү күндө киберкылмыштарга оңой эле алданып, жабырлануучу болуп калгандар көп экени белгиленди.