Бишкек шаарында майыптыгы бар балдар үчүн “Үмүт чырагы” бала бакчасынын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы эки кабаттуу бала бакча Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп, жалпы аянты 3467 чарчы метр, 250 балага ылайыкталган. Анын өзгөчөлүгү – майыптыгы бар балдар үчүн атайын шарттар каралган. Мекемеде окуу бөлмөлөрү, гимнастика залы, логопед кабинети жана контакттык зоопарк пландалууда.
Долбоордун максаты – майыптыгы бар балдарды тарбиялоо, окутуу жана социалдык адаптациялоо үчүн заманбап шарттарды түзүү, ошондой эле инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү. Шаар мэри белгилегендей, бала бакча ата-энелер үчүн чоң колдоо болуп, балдарга коомго толук кандуу аралашууга мүмкүнчүлүк берет.