Таймурас Ташиев социалдык тармакта билдирүү жасап, ага карата тараган маалыматтарды түшүндүрдү.
Ал белгилегендей, "Мока Групп" компаниясы 2021-2025-жылдары “Кыргыз Петролеум Компани” өндүргөн дизель отунун өтө аз бөлүгүн гана сатып алган – жалпы өндүрүштүн 1,53 пайызы гана. Сатып алуулардан тиешелүү салыктар мамлекетке төлөнгөндүгүн жазды.
Ташиев монополия тууралуу айтылган маалыматтар чындыкка дал келбестигин, башка фирмалар да өздөрүнө керектүү көлөмдө дизель отунун сатып алганын кошумчалады. Учурда “Кыргыз Петролеум Компани” өндүрүштү токтотуу алдында экендигин айтып өткөн.
Ал бардык тараптарды туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырды.