Бишкек шаарынын айрым райондорунда 19-март күнү саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Ахунбаев – Абай – Сүйөркулов – Байтик баатыр – Саманчин – Масалиев проспектиси – Малдыбаев көчөлөрү.
Мындай чара Д-300мм суу түтүгүн чыгаруу иштерине байланыштуу жүргүзүлөт. “Бишкексууканал” ишканасы ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну сунуш кылат.