Биз социалдык тармакта

Ауэзов көчөсүндө ири көрктөндүрүү иштерине старт берилди

Борбор калаада мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда Ауэзов көчөсүндө көчмө жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө аймактын санитардык абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү текшерилип, мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо жана шаардык чөйрөнү тартипке келтирүү маселелери каралган.
Жыйынга Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы, Свердлов жана Октябрь райондорунун акиматтары, Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана шаардык коммуналдык ишканалар катышты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкү чаралар пландалды:
• Анкара көчөсүнөн Шабдан баатыр проспектисине чейинки аймакка гүл бакча куруу;
• Ауэзов көчөсүнөн Чолпон-Ата көчөсүнө чейинки Сагымбай манасчы көчөсүнө гүл бакча куруу;
• Дарактарды отургузуу;
• Мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо;
• Таштандыны сорттоо пункттарын куруу;
• Электр линияларынын тирөөчтөрүн демонтаждоо;
• Тротуарларды титулдук тизмеге киргизүү;
• Жарыктандыруу орнотуу.
Бул чаралар шаардык инфраструктураны жакшыртуу, коопсуздукту жогорулатуу жана борбор калаанын тургундары үчүн ыңгайлуу, көрктөндүрүлгөн шарттарды түзүүгө багытталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан