Биз социалдык тармакта

Нарын: Мыйзамсыз курулуштар аныкталып, чаралар көрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагында курулуш объектилерин текшерүү иштери уланууда.

Аталган министрликтен билдиришкендей, бул алкакта Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын регионалдык башкармалыгы Нарын шаарындагы курулуштарды көзөмөлгө алды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ленин көчөсү, 242 дарегиндеги унаа оңдоочу жай жана Казиев көчөсү 53 дарегиндеги курулуш объектиси тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталды. Ошондой эле бул объектилер мамлекеттик курулуш реестрине катталбаганы белгилүү болду.

Жыйынтыгында мыйзам бузган жеке тараптарга административдик чаралар көрүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Мекеме мыйзамсыз курулуштарга каршы көзөмөл иштери мындан ары да улантыларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан