Чүйдө мас албалында унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө батальону Сокулук айылында Жеңиш сейил багынын жанында айдоочуга карата текшерүү иштерин жүргүзүп, ал мас абалында жүргөндүгүн аныктады.
Жыйынтыгында 1993-жылы туулган Е.Е. аттуу жаран Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Ал башкарган Honda Accord үлгүсүндөгү унаа айып короого токтотулду.
Аталган окуя боюнча тиешелүү протоколдор толтурулуп, мыйзам чегинде чара көрүү иштери жүргүзүлүүдө.