Сауд Арабиясында өткөн бүткүл дүйнөлүк куран окуу жана куран тафсири боюнча сынакта кыргызстандык Мухаммадали Умаров кайрадан 1-орунду алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-мартта өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ага жеңүүчү катары уюштуруучулар тарабынан 50 миң риалдын (1 миллион 165 миң сом) сертификаты тапшырылды.
"Дагы бир жолу дүйнөлүк жарышта биринчи орунду насип кылган Аллахка чексиз мактоолор болсун. Аллахтын жардамы, кыргыз элимдин дуасы менен жеттик. Ыйык Орозо айында кылган ибадаттарыбызды Жараткан кабыл кылсын",- деди ал өз билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, Умаров 2022-жылы да бул сынакта жеңүүчү болуп, андан соң, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон.