Кечээ, 17-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Алтын Тамыр” акционердик коомунун өкүлдөрү менен мал ылаңдарына каршы вакцина чыгаруучу заманбап завод куруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор өлкөнүн ветеринардык коопсуздугун камсыз кылып, мал чарба тармагындагы өндүрүштүн сапатын жогорулатуу багытында стратегиялык мааниге ээ.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр төмөнкү негизги тапшырмаларды койду:
- Вакцина өндүрүшүндө керектүү көлөмдү жана жогорку сапатты камсыз кылуу талаптарын күчөтүү;
- Заводду кыска мөөнөттө куруп, ишке киргизүү;
- Вакциналарды сатып алуу боюнча натыйжалуу жана оптималдуу шарттарды камтыган программаны иштеп чыгуу;
- Долбоорду өлкө үчүн өзгөчө экономикалык мааниге ээ стратегиялык объект катары кароо.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча заводдун курулушуна болжол менен 10 миллион доллар керектелет. Долбоорду ишке ашырууда мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрү маалыматта кошумчаланды.