Биз социалдык тармакта

"Бала ырысы" башка жөлөк пул алган жарандарга берилеби? Адистин жообу

Өлкөдө жөлөк пулдун эки түрүн алган үй-бүлөлөргө "Бала ырысы" жөлөк пулу берилбейт.

Бул тууралуу Эмгек министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жомартова "Кабар" агенттигине меак бергенде билдирди.

Сөз "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жана "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу тууралуу болууда. Тактап айтканда, жогорудагы жөлөк пулдун түрлөрүн алган жарандарга "бала ырысы" жөлөк пулу берилбейт же аларга тандоо укугу берилет.

Эскерте кетсек, 6-мартта президент “Бала ырысы” жөлөк пулун берүү жарлыгына кол койгон. Көп өтпөй бул жөлөк пулду 450 миңге жакын наристе алары айтылган. Анын суммасы 1200 сом деп белгилеген. Аймактарда жашагандарга төлөмдөр райондук коэффициентти эсепке алуу менен жүргүзүлөт.




"Бала ырысы" башка жөлөк пул алган жарандарга берилеби? 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан