"Бала ырысы" жөлөк пулу наристе 3 жашка толгондо токтотулат. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жомартова "Кабарга" маек бергенде билдирди.
Айтымында, төлөм төмөнкү учурларда да токтотулат:
Белгилей кетсек, 6-мартта президент “Бала ырысы” жөлөк пулун берүү жарлыгына кол койгон. Көп өтпөй бул жөлөк пулду 450 миңге жакын наристе алары айтылган. Анын суммасы 1200 сом деп белгилеген. Бул төлөм 3 жашка чейинки наристелерге үй-бүлөнүн социалдык абалына карабай бирдей берилет. Аймактарда жашагандарга төлөмдөр райондук коэффициентти эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Өтүнмөлөр 1-июндан тарта кабыл алынары айтылды.