
Бразилиялык атактуу актриса Жованна Антонелли дүйнөлүк телесериал сүйүүчүлөрүнө тааныш ысым. Ал "Клон" сериалында Жадинин образын жаратып, таланты менен көпчүлүктүн купулуна толо алган. Бүгүн, 18-мартта дал ушул актриса айым 50 жашка толду.
Жованна Антонелли Рио-де-Жанейро шаарында 1976-жылы төрөлгөн. Актрисанын атасы белгилүү опера ырчысы, ал эми апасы мыкты балерина болгон. Бала кезинен тартып эле кичинекей Жованнинин таланты ачылып, балдар театрында ролдорду жарата баштайт.

Алгачкы ролдору жана атакка карай жол
Жованна алгач "Тропиканка" аттуу телесериалга тартылып, көп өтпөй сериалдарга чакыруу ала баштайт. Ал эми актрисалык алтын таажыны 2001-жылы "Клон" сериалына тартылганда тагынган. Учурунда бул сериал 90дон ашык өлкөдө популярдуу тасмалардын катарын толуктайт.
"Клон" сериалында актриса айым жараткан Жади эркиндикти сүйгөн, салт менен сезимдин ортосунда калган аялдын образы. Бул образ көпчүлүк көрүүчүлөр үчүн символго айланган. Сериалда чыгыш маданияты менен батыш дүйнөсүн салыштырган көрүнүштөрдү көрүүгө болот. Тасмада сүйүү, дин, үй-бүлө темалары терең чагылдырылган. Ал эми Жадинин бийи, стили жана мүнөзү ошол мезгилде трендге айланып, айрыкча КМШ өлкөлөрүндө абдан популярдуу болгон.

Азыркы жашоосу жана карьерасы
Жованна Антонелли бүгүнкү күндө да активдүү актриса бойдон калууда. Ал жаңы сериалдарга тартылып, социалдык тармактарда да активдүү. Ошондой эле ал өзүнүн бизнес долбоорлору менен да алектенип келет. Учурда да Жованна Антонеллинин жеке жашоосу коомчулуктун көңүл борборунда. Актриса биринчи жолу Рикардо Медину аттуу жеке ишкерге турмушка чыгып, төрт жыл жашагандан кийин 2001-жылы ажырашкан. Кийин "Клон" сериалындагы сүйүктүүсү Мурилу Бенисио менен реалдуу жашоодо дагы мамиле түзүп, 2005-жылы уулдуу болгондон кийин экөө эки жолго түшүшөт. 2007-жылы Роберто Локасцио аттуу ишкерге турмушка чыгып, төрт ай жашагандан кийин дагы ажырашып кеткен. Андан кийин ал режиссёр Леонардо Ногейрага турмушка чыккан. Түгөйлөр 2010-жылы эгиз кыздуу болушкан.

Жованна Антонелли тууралуу кызыктуу фактылар:
Ал "Клон" сериалындагы ролу үчүн чыгыш бийлерин атайын үйрөнгөн.
Актриса бир нече тилде эркин сүйлөй алат, бул ага эл аралык долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берген.
Жованна "Клон" сериалында Лукастын ролун жараткан Мурилу Бенисио менен реалдуу жашоодо да сүйүү мамилесинде болгон. Түгөйлөр баш кошуп, бирок кийинчерээк эки жолго түшүшкөн. Алардын бир уулу бар.