Чүй облусунун Ысык-Ата районунда качып кетүүгө аракет кылган 19 жаштагы айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу 18-мартта облустун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол тескөөчүлөр түнкү кызмат учурунда Ивановка айылынан Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алган. Ошол учурда 2006-жылы туулган М.А. аттуу айдоочу кызматкерлерге баш ийбей качып кетүүгө аракет кылган.
Айдоочуга карата Укук бузуулар кодексинин 184, 185, 188-беренесинин 3 бөлүгү жана 194-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.