Биз социалдык тармакта

Бишкекте алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды

Бишкек шаарында алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу 18-мартта Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 20-июлунда С.Ж. аттуу жаран Англияга иштегени жардам көрсөтөм деген шылтоосу менен Д.А.дан 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Натыйжада шектүү убадасын аткарган эмес.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы туулган С.Ж. аттуу шектүү кармалган. Учурда анын ушул сыяктуу 20дан ашык кылмыш фактыларын жасоого катышы бар экендиги аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан