Биз социалдык тармакта

Депутат Болотбек Борбиев кайрадан мал ылаңы боюнча маселе көтөрдү (видео)

Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болотбек Борбиев өлкө аймагындагы мал ылаңы боюнча маселе көтөрдү.

Эл өкүлүнүн айтымында, өлкөнүн айрым аймактарында мамлекеттик мал дарыгерлери жок болгондуктан, бул карапайым элге көйгөй жаратууда.

"Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында мал чарбачылыгы менен алектенишет. Азыр шарп, бруцеллёз, оспа оорулары катталып жатат. Буга чейин дагы бул маселе көтөрүлгөн, бирок бүгүнкү күндө дагы курч бойдон калууда. Айрым айыл аймактарда мамлекеттик ветеринардык дарыгерлер жок болгондугуна байланыштуу, жеке ветдарыгерлердин дары-дармеги кымбат болуп, элге кыйын болууда. Бизде "медицина адам баласын дарыласа, мал чарбачылыгы адамзатты дарылайт" дейт. Ошондуктан буга жакшылып көңүл бөлүү керек",- деди депутат.

Кайрадан мал ылаңы боюнча маселе көтөрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан