
Ош шаарында жарандардын мүлктөрүн өз пайдасына өткөрүп алган деп күрөөкана ээлери кармалышты. Бул тууралуу 18-мартта шаар милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күрөөкана ээлери узак убакыт бою жарандарга ири кошумча пайыз менен акча каражатын берип, бирок ар кандай мыйзамсыз жолдор менен жарандардын үй-мүлктөрүнө ээ болуп келишкен.
Бул факт боюнча шектүүлөргө кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Б.О. жана К.К. аттуу жарандар кармалышты. Шаардык соттун чечими менен К.К. 2 ай мөөнөткө камакка алынып, ал эми Б.О. ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери улантылууда.