Биз социалдык тармакта

Дастан Бекешев мугалимдердин ишембиликке чыгуусун жоюу керектигин айтты (видео)

Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мугалимдердин ишембиликке чыгуусун жоюу керектигин билдирди.

Анда эл өкүлү кызмат адамдары үчүн ишембилик жасоо отчёт тапшыруу үчүн гана болуп жатканын белгилеп өттү.

"Ишембилик канчалык деңгээлде керек? Лениндин идеясы жакшы, бирок азыр аны ишке ашыруу мүмкүн эмес. Ишембилик формалдуу болбой, отчёт тапшыруу үчүн гана болуп калды. Аймактардагы жергиликтүү башкармалыктар, акимдер, айыл өкмөттөр чогулуп, көчөт отургузуп, сүрөткө түшүп, кетип калышат. Бак-дарактар ​​өсүп жатабы, жокпу иштери деле жок. Эң жаманы - мугалимдерди сыртка чыгууга мажбурлап жатышат. Мындай көрүнүшкө акыйкатчы дагы каршы чыкты. Билим берүү тармагы эмнеге үн катпайт? Силерге бекер иштегендер керекпи? Мыйзам бузгандарды ишке тарткыла, таштандыларды таштап, түкүрдүбү өздөрүн тазалаткыла. Эмне үчүн түкүрүп, таштанды таштап кеткендердин аркасын тазалыкты сактаган адамдар тазалашы керек?",- деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңеш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан