Эл аралык издөөдө жүргөн Михаил Надель кармалды. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлашты.
Маалыматка караганда, 45 жаштагы М.Надель үй-бүлөсү менен Валь-Гарденде эс алып жүргөндө кармалган.
Эске сала кетсек, Михаил Наделге 2010-жылдын жайында издөө жарыяланган. Ага “Азия универсал банктын” 35 миллион долларын мыйзамсыз өздөштүрүп алган деген айып тагылган.
1998-жылдан 2010-жылга чейин М.Надель банктын директорлор кеңешинин төрагасы болгон. 2010-жылы банктын ишмердүүлүгүн текшерүүдөн кийин, ага кыргыз соттору тарабынан “алдамчылык” жана “акчаларды мыйзамсыз алуу” фактылары боюнча күнөөлүү деп табылып, 16 жылга сыртынан соттолгон.