Бүгүн, 18-мартта депутат Медина Кайрылбекова Талас облусундагы көйгөйлүү маселени көтөрдү.
Эл өкүлүнүн айтымында, учурда аталган облуста медицина тармагы такыр каралбай, аймактарда ооруканалар жетиштүү эмес.
"Жакында эле төрага менен Таласка барып келдик. Ал жакта медицина тармагы такыр каралбай калган. Аймактарында, айылдарында эле эмес, Талас шаарынын өзүндө да ооруканаларга көңүл бурулган эмес. Таластагы медицина тармагына өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени көп адамдар Бишкекке келип көрүнүү үчүн ашуудан өтө алышпайт.
Ошондой эле ал жакта майыптыгы бар балдар үчүн атайын реабилитация борбору жок. Же болбосо андай балдар үчүн атайын бала бакча курулса. Бул боюнча тиешелүү министрликке тапшырма берип, көнүл буруу зарыл",- деди депутат.