УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков AKIpress агенттигине курган маегинде атайын кызмат мындан ары ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтоторун билдирди.
Ал УКМК коркутуу идеологиясынан укуктук ыкма менен иш алып баруга жана саясаттыштарбоого өтүп жатканын белгиледи.
"Мыйзамсыз аракеттерге жол берген кызматкерлерге же ишкерлерге карата административдик тоскоолдуктар аныкталган учурда, мындай фактылар мыйзам чегинде каралат. Эгерде ишкерлер арасында мыйзамсыз иш жүргүзгөн жана кылмыштуу схемаларга аралашкан адамдар аныкталса, алар мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартылышат",- деди Шабданбеков.
Ал ошондой эле УКМК өлкө башчы Садыр Жапаровдун реформасын колдой турганын айтып, "биз өзүбүздүн түпкү тамырыбызга, түздөн-түз кызматтык милдеттерибизге кайтып жатабыз" деп кошумчалады.