Биз социалдык тармакта

УКМК башчысы атайын кызматты каралоо жүрүп жатканын моюндады

Атайын кызматтагы адамдарды кармоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин фонунда, кызыкдар күчтөр тарабынан УКМКнын ишин максаттуу дискредитациялоо аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков AKIpress агенттигине курган маегинде билдирди.

"Ошол эле учурда, бузууларга жол берген адамдарды жоопко тартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, тескерисинче, жетекчиликтин принциптүү позициясын жана системди тазалоо, улуттук коопсуздук органдарынын ишинде ачык-айкындуулукту жогорулатуу аракетин далилдейт",- деген ал.

Шабданбеков ошондой эле социалдык тармактарда жогорку кызмат адамдарынын телефондук сүйлөшүүлөрү тарап жатканына токтолуп, алар кайрылса УКМК жардам көрсөтөрүн кошумчалады.

"Жеке сүйлөшүүлөрдү мыйзамсыз алуу жана жайылтуунун ар кандай фактылары мыйзамда белгиленген тартипте укуктук баалоого жатат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жарандарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн текшерилбеген маалыматтарды жайылтпоого жана расмий булактарга гана таянууга чакырат элем",- деген атайын кызматтын башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан