Манас жана Талас шаарларында "Акылман" президенттик лицейи ачылат. Бул тууралуу "Акылман" президенттик лицейинин директору Эмил Рыскулов "Биринчи радиого" билдирди.
Ал лицейге окуучуларды кабыл алуу боюнча 15-марттан 15-апрелге чейин онлайн каттоо жүргүзүлөрүн айтты.
"Быйыл биз жаңы ачылып жаткан филиалдарыбызга кабыл алуу үчүн 6-7-класстардын окуучуларынын арасында сынак жүргүзөбүз. 15-апрелден баштап майдын аягына чейин 6-класстын окуучуларынан сынак алынса, 7-класстын окуучуларынан сынак алуу июнь айынан башталат. Сынак 3 тур менен өтөт. 1-2-тур онлайн, 3-тур офлайн болот",- деди Рыскулов.