Биз социалдык тармакта

Бишкекте интернет-алдамчылыкка шектелген топтун ишине бөгөт коюлду (видео)

Бишкек шаардык милициясы интернет-алдамчылыкка шектелген топтун ишине бөгөт койду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кармалгандардын арасында кылмыш жолу менен алынган акча каражаттары түшкөн банктык карталардын жана эсептердин ээлери, дропперлердин ишин уюштурган жана көзөмөлдөгөн координатор, ошондой эле SIM-карталарды массалык түрдө активдештирген адамдар болгон. Бул SIM-карталар мессенжерлерде аккаунттарды ачуу жана жарандарга алдамчылык чалууларды жасоо үчүн колдонулган.

"Жыл башынан бери 180ден ашык жаран аныкталып, милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Алардын ичинен 30дан ашуун адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө уюлдук телефондор, банктык карталар, SIM-карталар жана башка далил буюмдар алынган",- деп айтылат маалыматта.

Бишкекте интернет-алдамчылыкка шектелген топтун ишине бөгөт коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан