
УКМКнын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, кызматкерлер жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан конфискациялынаган акча каражаттарын жана мүлктөрдү өздөрүнө каттап алышкан.
Аталган факт боюнча Аскердик прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Маалыматта кайсы аймактагы кызмат адамдары экендиги ачыкталган эмес.