
Лейлекте майда бейбаштык жасоого шектелип Раззаков шаардык кеңешинин 47 жаштагы депутаты кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал мурдагы кудасын оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Мурдагы кудасы анын үстүнөн арыз жазган. Ал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, райондук соттун чечими менен 3 суткага административдик камакка алынды.