
Алдыда кыргызстандыктарды узак эс алуу күндөрү күтүп жатат.
Буга чейин Эмгек министрлиги берген маалыматка ылайык, Орозо айт майрамына байланыштуу 20-март иш күн эмес. Ал эми мамлекеттик Нооруз майрамы – 21-март ишемби күнүнө туура келет, бирок мындай учурда дем алыш күнү башка күнгө жылдырылбайт. Ошентип Кыргызстандыктар бул жумада 3 күн эс алышат.
Көрсөтүлгөн күндөрдө синоптиктердин маалыматы боюнча, өлкө аймагында күн ачык болот. Абанын температурасы жылуу болуп, +16... +19 градуска жетет. Мындан улам бул күндөрү жаз айына ылайыктуу эс алуу пландасаңыз болот.
SUPER.KG порталы алдыдагы 3 күнгө созулган эс алууда кайсы жерлерге барса болорун тизмектеди. Мындай күндөрү кыска убакытта барып келүүгө ыңгайлуу эс алуу жайлары өтө актуалдуу. Борборго жакын, ошол эле учурда шаардын ызы-чуусунан алыс жерлерди издеп жатсаңыз, бул макала сиз үчүн.

Ала-Арча жаратылыш паркы
Ала-Арча жаратылыш сейил багы – жылдын төрт мезгилинде тең барууга ылайыктуу жер. Сейил бак Бишкек шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашып, Кыргызстандын эң кооз жана туристтер көп келген эс алуу жайларынын бири.
Аталган сейил бакка чейин №1 Бишкек–Ала-Арча экспресс каттамы жүрөт. Аталган каттамда 6 автобус 20-30 мүнөт сайын каттап, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу жүрөт.
Мындан тышкары 18-февралда Ала-Арча жаратылыш паркындагы гондоль тибиндеги асма жол ишке берилген. Аталган асма жол менен жаратылыштын кооздугуна суктанып, тоонун башына көтөрүлүүгө болот.

"Чуңкурчак" лыжа базасы
Чүй облусунда жайгашкан "Чуңкурчак" лыжа базасы шаардан анча алыс эмес жайгашып, кышы-жайы эс алууга ыңгайлуу. Бул жер үй-бүлөлүк эс алуу үчүн мыкты тандоо болот. Табияттын кооз көрүнүшү, таза аба, ошондой эле атайын тамактануучу жайлар. Мындан тышкары ат минүү мүнкүнчүлүгү да түзүлгөн.

Аламүдүн капчыгайы
Аламүдүн капчыгайы – Кыргыз Ала-Тоосунун ортоңку бөлүгүнүн түндүк капталында жайгашкан. Бул жер тынчтыкты каалагандар үчүн ылайыктуу жер. Адатта аталган капчыгайга тоого чыгууну сүйүүчүлөр барат. Капчыгайдан шаркырап аккан сууну, жерден чыккан муздак булактарды көрүүгө болот. Мындан тышкары атайын эс алууга жана дарыланууга ылайыкташкан жайлар да курулган.

Кашка-Суу
Бул жер да Бишкекке жакын жайгашып, кооз тоо көрүнүштөрү жана таза абасы менен белгилүү. Ошондой эле кыска убакытта барып келүүгө да эң ыңгайлуу багыттардын бири. Учурда аталган жерде ар кандай тамактануучу жайлар, эс алуу борборлору бар.

Бишкек шаарындагы парктар
Мындан тышкары шаардан чыкпай эле эс алууну каалагандар калаадагы кооз парктарга барса да болот. Мисалы: Ата-Түрк паркы, Чыңгыз Айтматов атындагы "Дубовый парк", "Жеңиш" сейил паркы, "Адинай" паркы, Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак, "Ынтымак" парктары. Мындай жерлерде үй-бүлөңүз менен сейилдеп, таза абада убакыт өткөрүп, же китеп окуп эс алсаңыз болот.
